Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Трамп БУУ жыйынында эгемендик укугу тууралуу сөз сүйлөйт


АКШ президенти Доналд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында жалпы өлкөлөрдү биргелешип аракеттенүү үчүн эгемендик укугун сактоого чакырат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу 18-сентябрда америкалык администрациянын жогорку өкүлү билдирди деп жазды ТАСС агенттиги. Ал АКШ лидеринин тышкы саясаттагы позициясын “принципиалдуу реализм” деп мүнөздөөгө боло турганын белгилеген.

“Башкача айтканда бул дүйнөнү ачык көз караш менен карап, жыйынтыкка карап чечим кабыл алуу, Кошмо Штаттардын рационалдуу кызыкчылыгына карап аракет кылуу дегенди билдирет", - деген администрация өкүлү "Трамп демократияны “аскер күчтөрүнүн жардамы менен эмес, дүйнөдөгү стабилдүүлүктү түзүү менен” курууга кызыкдар" экенин айтты.

Маалыматка караганда, Трамптын БУУ ассамблеясындагы сүйлөй турган сөзү Польша жана Сауд Арабиядагы сөзүнүн уландысы болот. Ал жалпы максатка жетүү үчүн бардык мамлекеттерди бирдей салым кошуу маселесин көтөрөт деп айтылууда. Кытай, Иран, АКШ мамилелери, Венесуэладагы кризис тууралуу сөз козгойт.

Дүйшөмбүдө сүйлөгөн сөзүндө Доналд Трамп Бириккен Улуттар Уюму өз мүмкүнчүлүгүн толук колдоно албай жатканын, буга бюрократия жана туура эмес башкаруу себеп экенин айткан.

XS
SM
MD
LG