Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Аба кескин салкындап, үшүк жүрөт


Узакка созулган кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 23-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт.

Бул тууралуу бүгүн синоптиктер кабарлап, чукул эскертүү таратышты.

Анда "маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын куттуу жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. 24-сентябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 13…18°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 16…21°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 4…9°, күндүз 10…15° жылуу болот" деп айтылат.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

25-26-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тоо этектеринде айрым жерлеринде -1…-3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5° үшүк жүрөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча, жемиштерге, казылып алынып, жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

XS
SM
MD
LG