Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:33

Атамбаев: Кыргызстанда бизнести салык кызматы гана текшере алат


Президент Алмазбек Атамбаевдин америкалык чоң компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуусу. Нью-Йорк. 21-сентябрь, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев АКШга болгон иш-сапарынын жүрүшүндө 21-сентябрда Нью-Йоркто кыргыз-америка ишкерлер кеңешинин уюштуруучулары жана америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Маалыматка караганда, жолугушууга Baker & McKenzie LLP, General Electric, AGCO Corporation, Coca-Cola, Сiti, Oppenheimer&Со, Inc, Visa Inc, Microsoft, White 64, AES, John Deere компанияларынын өкүлдөрү катышты.​

Атамбаев Кыргызстанда чет элдик ири инвесторлорго шарт түзүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу суроолорго жооп берди.

Америкалык компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстанга чет элдик инвесторлордун ишеними артып, ишкердик активдүүлүк жогорулап жаткандыгын белгилешти.

Суроолорго жооп берип жатып президент акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бизнес өлкөгө инвестиция сала баштагандыгын айтты.

- Биз Кыргызстанды бизнес үчүн бейишке айландырабыз деген максат койдук. Эми Кыргызстанда бизнести салык кызматы гана текшере алат. Салыкты максималдуу төмөндөттүк, бизнес максималдуу корголгон,- деген Атамбаев чет элдик ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Атамбаев АКШга БУУнун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн барган. Ал эми кыргыз-америка ишкерлер кеңеши 2016-жылы түзүлгөн. Быйыл 11-июлда Бишкекте Кыргызстан-АКШ кезектеги бизнес форуму өтүп, ага AGCO, Baker & McKenzie, General Electric, AES, Mobilized Construction, American Councils for International Education, Coca-Cola баштаган америкалык белдүү тогуз компаниянын ишкерлер тобу келген. АКШдагы белгилүү General Electric компаниясы Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорду инвестициялоого кызыкдар экени айтылган.​ (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG