Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Салянованын сотунда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Мурдагы баш прокурор жана экс-юстиция министри, Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү жарыш сөз менен уланууда.

Түштөн кийинки соттук отурумда жарыш сөзгө чыккан коомдук жактоочу Рабига Сыдыкова жарыш сөз максатына жетпей жатканын айтып, бул үчүн прокуратура кызматкерлерин жана соттун өзүн айыптап, судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтөрүн билдирди. Муну Аида Салянова да колдоп, судьядан буга чейин "жарыш сөздө айтасыңар" деген убадасына туруп, коомдук жактоочулар менен адвокаттарга сөзүн аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүнү сурады. Мамлекеттик айыптоо коомдук жактоочу прокурорлордун жеке абийирине чейин асылып жатат деген жүйөө менен аны иштен четтетүүнү өтүнүштү. Алар ошондой эле сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүү тууралуу жактоочу тараптын демилгесин четке кагууну суранышты. Ал арада эки тараптын ортосунда айтыш орун алып, ага сотко катышып жаткан акыйкатчы Кубат Оторбаев да аралашты.

Жыйынтыгында судья Кубанычбек Касымбеков жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок, териштирүү уланып жатат.

Бүгүн жарыш сөздөн кийин Саляновага акыркы сөз берилип, өкүм угузулушу мүмкүндүгү айтылып жатат.

Өткөн отурумда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылга эркинен ажыратууну сураган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG