Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Бүгүн Мамлекеттик тил күнү


Архив
Архив

Бул датага карата бир катар мамлекеттик мекемелерде ар кандай иш-чаралар өтүп жатат. Ош облустук клиникалык ооруканада эне тилдин бир айлыгы жарыяланса, Чүй ОИИБ кызматкерлери кыргыз тилчилери менен баарлашуу өткөрдү. Ал эми патрулдук милиция айдоочуларга тил күнүнө карата даярдалган буклеттерди таратып жатат.

Кечээ Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тил күнүнө карата Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу жыйын өткөрүп, кыргыз тилдин өнүгүшүнө салым кошкон инсандарга сыйлык тапшырган.

Быйыл “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына 28 жыл толду. 1989-жылдын 23-сентябрында аталган мыйзам кабыл алынып, ал эми 2009-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин Күнүн белгилөө” жөнүндө жарлык чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG