Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Чүйдө “Кызылча майрамы” өтөт


Кызылча жыйноо пункту. Талас облусу
Кызылча жыйноо пункту. Талас облусу

Бул тууралуу Бишкек шаарындагы TES - Айыл чарба кеңеш берүү борборунан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, 29-сентябрь күнү Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында өткөрүлө турган кеңири масштабдагы талаа майрамы “Кант кызылчасы – 2017” деп аталат.

Талаа күнүнө Чүй облусундагы 200дөн ашык кант кызылчасын өстүргөн дыйкандар катышат. Андан сырткары, “Кайыңды-Кант”, КВС, “К.О. Стандарт Агросервис”, “Агротурк”, “Евразия Групп”, “Август”, “Щелково-Агрохим”, “БТ Инновэйшнс”, “Бай Түшүм”, Германия эл аралык кызматташтык коому, Химиязациялоо жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин тестирлөө жана токсикология лабораториясы өз продукцияларын жана ар кандай кызматтарын сунушташат.

Майрамдын ачылуу аземине премьер-министр Сапар Исаковдун жана айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин да катышаары күтүлүүдө.

Иш-чаранын максаты кант кызылчасынын гибриддерин, айыл-чарба техникаларын, айыл чарба, өндүрүш каражаттарын жана финансылык кызматтарды көрсөтүү жана тааныштыруу болуп саналат. (ErN)

XS
SM
MD
LG