Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Шайлоо-2017: БШК мүчөсү ИИМ башчысын күнөөлөдү


“Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын жыйыны. 26.09.2017
“Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылынын жыйыны. 26.09.2017

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Ички иштер министрлиги шайлоону уюштуруудагы коопсуздук маселесине тиешелүү көңүл бурбай жатат деп айыптады. Бүгүн “Акыйкат шайлоо үчүн” жарандык кыймылы уюштурган талкууда сүйлөп жатып ал:

- Мен БШКда тартип коргоо органдары менен кызматташуу боюнча түзүлгөн жумуш тобун жетектейм. Бирок ИИМден маалымат жок. Министрге чалсам албайт, кабылдамасына телефонограмма калтырдым. Реакция жок. Эптеп бир тергөөчүнүн кандидатурасын беришиптир катышат деп. Ар бир шайлоо участогунда ар кандай коркунучтар болушу мүмкүн. Бир талапкер саат алтыдан кийин шайлоо участогуна чогулгула деп жатыптыр. Кечинде эмне кылышат? Албетте, ар кандай провокация болушу ыктымал. ИИМдин ролу азыр өзгөчө зор. Бирок министр игнор кылып жатат. Ушинтип да шайлоо өткөрөбү? Мисалы, Ошко бардым. Абал оор. Үгүт иштеринде да ар кандай тобокелдиктер бар.

Боршайком мүчөсүнүн бул айткандарына байланыштуу "Азаттык" Ички иштер министрлигине кайрылып, маалымат катчысы Бакыт Сейитовдон төмөнкүдөй жооп алды:

- Бизде да шайлоого байланыштуу штаб түзүлгөн. Кайсы жерде болбосун, ар бир факт, ар бир окуя, кайрылуу боюнча прокуратура органдары менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Шайлоо банерлерин уурдап кетүү же айрып салуу сыяктуу ар кандай факттар бар. Эгер БШКнын жумушчу тобуна биздин өкүл катышыш керек болсо мен ал маселени тактайын. Бирок коомдук тартипти сактоо жана шайлоого байланыштуу бардык иш-чаралар боюнча ИИМде план белгиленген. Коопсуздук кеңешинин тапшырмаларынын негизинде УКМК, прокуратура менен бирге кызматташып жатабыз.

Бакыт Сейитов канча факт катталганы жөнүндөгү маалыматты кечирээк берерин айтты.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Боршайкомдун каттоосунан 13 талапкер өткөн. Алардын негизгилери учурда эл кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө үгүт, шайлоочулардын добушун сатып алуу аракеттери тууралуу ар кандай бейрасмий маалыматтар чыгууда.

Алгач "Таза шайлоосуз таза коом жок" деп аталыш менен жакында түзүлгөн кыймыл кийин “Акыйкат шайлоо үчүн” деп өзгөртүлгөн.

Аны түзүү тууралуу меморандумга экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер кол коюшкан.

БШКнын 12 мүчөсү бар. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG