Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

НАТО пенсиядагы аскер кызматкерлерин окутууда


Бишкектеги курстун угуучулары
Бишкектеги курстун угуучулары

НАТОнун колдоосу жана “Тилмеч” борбору ишке ашырган ардактуу эс алууга чыкчу аскер кызматкерлеринин компьютердик курстары быйыл Бишкек, Талас жана Токмок шаарларында ачылды.

Бул тууралуу “Тилмеч” окутуу борборунун жетекчиси Жыпаргүл Кожобергенова “Азаттыка” билдирди.

2011-жылдан бери жыл сайын жүздөгөн аскер кызматкерлери Жалал-Абад, Ош, Талас, Баткен, Нарын жана Бишкек шаарларында англис тили, компьютердик сабаттуулук, ишкердик, туризм багытында кошумча билим алып келишет.

НАТОнун бул программасы кызматтан кеткен аскерлерди колдоо багытында ишке ашырылууда. Офицерлер бир нече айлык курстан кийин атайын сертификат жана кошумча адистикке ээ болушат. (BCh)

XS
SM
MD
LG