Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Патентсиз иштеп жатканы үчүн үч тамада айыппулга жыгылды


Солдон оңго карай: Тамадалар Бакыт Байсариев, Майрамбек Осмонов, Урмат Борченовдор.
Солдон оңго карай: Тамадалар Бакыт Байсариев, Майрамбек Осмонов, Урмат Борченовдор.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүдө айтылгандай, салык кызматкерлери Бишкек шаарындагы ресторан жана кафелерде рейд өткөрүп, салык мыйзамдарын бузган операторлорду, фотографтарды жана тамадаларды аныктаган.

Текшерүүлөр той болуп жаткан мезгилде өткөндүктөн, белгилүү алып баруучу Бакыт Байсариев, Урмат Борченов, Майрамбек Осмоновдор патенттерин көрсөтө алышкан эмес.

“Албетте биз адам факторун да эске алдык. Тойдун ээлери жана меймандары тамадалар салык төлөбөгөнү үчүн айыптуу эмес. Биз эреже бузгандарга эскертүү берип, эртеси күнү эки миң сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирдик”,-деп билдиришти “Азаттыкка” Салык кызматынан.

Рейд учурунда, мындан сырткары, ишкерлер К. Майназаров, Ж. Эсенбеков жана Э. Жунусовдорго да патентсиз иштеп жатканы үчүн айыппул салынган.

Тойлорду алып баруу жана тейлөө кызматына патенттин баасы айына 500 сомдон 2500 сомго чейин турат. Ишкерликтин бул түрү боюнча Салык кызматына 2017-жылдын сегиз айында 665 миң сом түшкөн. Салык кызматы мындай текшерүүлөрдү дагы улантаарын билдирди. (ErN)

XS
SM
MD
LG