Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Кызы менен ооруканага жаткырылган Салянованын соту башка күнгө жылды


Аида Салянова
Аида Салянова

Аида Салянованын соту 29-сентябрда уланмай болду. Бүгүнкүгө белгиленген отурум анын кызы ооруканага жатып калганына байланыштуу өткөн жок. Адвокаттар эки жашар кызынын өпкөсү сезгенип, кечээ Салянова кызы менен өлкө президентинин иш башкармалыгына караштуу ооруканага жаткырылганын айтып, соттук териштирүүнү башка күнгө жылдырууну өтүнүштү.

Прокурорлор да адвокатты колдоп, процессти башка күнгө которууну соттон өтүнүштү.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Өзү муну саясий куугунтук деп атап келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG