Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

AI Крым татар активистинин кесилишин кескин сынга алды


59 жаштагы Ильми Умеров.
59 жаштагы Ильми Умеров.

Эл аралык Мунапыс уюму Крым татарларынын активисти Ильми Умеровго каршы чыгарылган соттун өкүмүн кескин сынга алып, муну аннексияланган Крым жарым аралындагы адамдардын укуктарын жана эркиндигин Орусия бийликтери тарабынан басмырланышынын жаңы этабы деп атады.

Крым татарларынын Межилисинин төрага орун басары Ильми Умеров сепаратизмге айыпталып, 27-сентябрда эки жылга эркинен ажыратылган. Сот өз чечими менен ошондой эле Умеровго эки жыл коомдук иштерге аралашууга тыюу салды. Умеров өзү бул айыптарды четке кагууда.

Эл аралык уюм белгилегендей соңку бир ай ичинде Крымдын аннексияланышына каршы чыккан үчүнчү адам эркинен ажыратылды.

11-сентябрда Межилистин дагы бир төрага орун басары Ахтем Чийгоз жапырт башаламандыкты уюштурду деген айып менен сегиз жылга кесилген. Ал эми 22-сентябрда украиналык журналист Николай Семена сепаратизмге айыпталып шарттуу кесилди.

Крым татарларынын Межлиси Орусияда экстремисттик уюм деп таанылып, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG