Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Бишкекте “Акыйкат шайлоо үчүн!” акциясы өтүп жатат


Бишкектеги акция. 30-сентябрь, 2017-жыл.
Бишкектеги акция. 30-сентябрь, 2017-жыл.

“Акыйкат шайлоо үчүн” деп аталган административдик ресурска каршы акциясынын катышуучулары Бишкектин Ахунбаев-Алмата көчөсүндөгү "24-март" скверине чогулушту. Иш-чара бир нече жарандык лидерлердин жана коомдук уюмдардын демилгеси менен уюштурулуп жатканын парламент депутаты Жанар Акаев билдирди.

Уюштуруучулар алгач «Акыйкат шайлоо үчүн” деген тынчтык жүрүш өткөрүп, Түштүк дарбазадан "24-март" скверине чейин жөө басууну максат кылышкан. Өткөн аптада Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен бул күнү жөө жүрүш уюштурууга тыюу салынып, бирок акцияны Ботаникалык бакта өткөрүүгө уруксат берилген. Акцияга Болот Шер, Нарын Айып, Эдил Байсалов, Жанар Акаев, Мавлян Аскарбеков, Ренат Самудинов сыяктуу Кыргызстандагы бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер келишти.

Уюштуруучулар өлкө келечегине кайдыгер карабай, президенттик шайлоо акыйкат өтсүн деген талап коюшууда. Ошондой эле административдик ресурс колдонулушуна караманча каршы экенин билдиришүүдө. Катышуучулар "Администрациялык ресурска жол жок!", "Зилалиевдер жоопко тартылсын!", "Элибиздин тандоосун сыйла, бийлик!", "Бийлик булагы - эл!" деген жазууларды кармап турушат. Ушу тапта алар "24-март" скверинен Ботаникалык бакка өтүшүп, акция уланта турган болушту.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова административдик ресурска байланыштуу арыздар бар экенин, териштирүү жүрүп жатканын маалымдаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушуу маалында “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (NT)

XS
SM
MD
LG