Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:01

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы 1-октябрга караган түнү, саат үчтөр чамасында Чолпон-Ата шаарына кире бериш жолдо катталды.

Айдоочу жана фельдшерден турган "Тез жардам" кызматынын автоунаасын "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү жеңил машине сүзгөн. Андан "Тез жардам" эки жолу аласалып кетип, анын ичиндеги төрт кишинин баары окуя болгон жерде мерт болушту. Алар - айдоочу, фельдшер, кош бойлуу аял жана анын жанындагы келин экени кабарланды. "Тез жардам" кош бойлуу аялды Ысык-Көл районунан Чолпон-Атадагы ооруканага алып келе жатканда, шаарга кире берген жерде орун алган эс алуу жайларынын жанында кырсыкка учураган.

Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, "Тез жардамды" сүзгөн «Мерседес-Бенц» автоунаасын кыз киши башкарып баратканы жана ал мас абалында болгону айтылууда. Облустук ИИБ айдоочунун мас же соо экени иликтенип жатканын билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG