Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Камакка алынган депутат Исаевдин кызы элге кайрылды


Канатбек Исаев үй-бүлөсү менен. Сүрөт Бермет Исаеванын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Канатбек Исаев үй-бүлөсү менен. Сүрөт Бермет Исаеванын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

"Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен камакка алынган парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин кызы Бермет Исаева 1-октябрда "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу элге кайрылды.

"Мен биздин өлкөнүн туура ой жүгүрткөн, эркин жана көз карандысыз элине кайрылып жатам. Ишенип коюңуздар, силер азсыңар. Калгандары менин жазгандарыма көңүл деле бурбайт, анткени алардын жетекчилерине бул жакпайт" деген Бермет Исаева атасы бейкүнөө, далилсиз камакка алынганын, интернетте тараган видеотасмалардын биринде да анын Ак үйдү, бийликти басып алуу, аянтта массалык башаламандык уюштуруу жөнүндө айткан сөзү жоктугун белгилеген.

Ошондой эле "Кыргызстанда жумушчу күчү акысыз эмес, штабдар, үгүтчүлөр, элди жыйноо, жолугушууларды өткөрүүнүн баары акча. Андыктан акча жогорудагы себептердин бири боюнча берилиши мүмкүн. Кайраттуу, күчтүү патриоттор бир гана төңкөрүшкө керек эмес. Административдик ресурска каршы бараткан адамдын өзү да тайманбас" деп пикир калтырып, бийлик элди адаштырып жатканын жазып, кыргызстандыктарды чагымга алдырбоого чакырган.

Канатбек Исаевди "15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенмек" деген шек менен УКМК 30-сентябрда кармап, 48 саатка Тергөө абагына камакка алган. Атайын кызмат аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Канатбек Исаев жетектеген "Кыргызстан" партиясы жана ал мүчө болгон парламенттеги фракция, ошондой эле адвокаттары анын кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Кечээ президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Бишкекте маалымат жыйынын куруп, Канатбек Исаевдин камакка алынышын депутаттын өзүн колдогону менен байланыштырды.

Исаевди өзү жетектеген "Кыргызстан" партиясы быйыл президенттик кызматка талапкер катары көрсөтүп, бирок БШКнын каттоосунан өтпөй калган.

Быйыл май айында УКМК Канатбек Исаевге Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде мыйзам бузууларга барган деген негизде Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча эки айып тагып, учурда соту уланууда.

Депутат өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин козгоого эч кандай негиз жоктугун билдирген. 30-июнда Канатбек Исаевге байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгон деген бүтүмүн жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG