Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Атамбаев: Абалды курчутам дегендерге катуу чара көрүлөт


Коопсуздук кеңешинин жыйыны, 2-октябрь, 2017
Коопсуздук кеңешинин жыйыны, 2-октябрь, 2017

Шайлоо маалында абалды курчутам дегендерге карата катуу чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Тиешелүү мекемелердин жетекчилери өлкөдөгү азыркы абал, үгүт өнөктүгүнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Жогорку Кеңеш депутатынын башаламандык уюштуруу, бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалышына байланыштуу улуттук коопсуздуктун негизги маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы шайлоо ар кандай чагым иштерге жол бербөө жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу талабын койду.

30-сентябрда Улуттук коопсуздук комитети парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Канатбек Исаев жана кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча кармалганын кабарлаган.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG