Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Өзбек милициясы диссидент жазуучуну коё берди


Нурилло Отаханов
Нурилло Отаханов

Өзбек милициясы өткөн аптада аэропортто кармалган диссидент жазуучу Нурилло Отахановду кайра коё берди. Бул маалыматты Отаханов өзү "Рейтер" агенттигине тастыктап, полиция эмне үчүн аны бошотууну чечкенин билбей турганын айтты.

"Өтө тез болуп кетти. Милиция мени абактан чыгарып, үйүмө алып келди. Мен эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун",-деди өзбек жазуучусу.

Анын уулу Файзуллин Отаханов атасын Ташкенттин Яшнабад райондук милициясынын башчысы үйгө чейин коштоп келгенин "Фейсбук" барагына жазды.

63 жаштагы Отаханов Түркияда эки жыл бозгунда жүргөндөн кийин Ташкентке кайтып келери менен 26-сентябрда аэропортто кармалган. Ага «Бу кунлар» («Бул күндөр») деген китебинде экстремисттик идеяларды пропагандалаган деген айып коюлуп жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG