Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Шаар соту Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн күчүндө калтырды


Бишкек шаар сотунун судьясы Адис Момуналиев Биринчи Май райондук соттун өкүмү күчүндө калтырылганын 2-октябрда жарыялады:

- Бишкек шаар сотунун коллегиясы айыпталуучулар Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго чыгарылган Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөрүүсүз калтырылсын деп чечти.

Шаар сотунун өкүмү айыпталуучулардын өздөрүн катыштырбай туруп, алардын адвокаттарысыз чыгарылды. Сот өкүмдү окуй баштаганда залда отургандар буга нааразылык иретинде чыгып кетишти.

Түшкө чейинки процессте айыпталуучу Өмүрбек Текебаев адвокаттарынын катышуусуз сотко көрсөтмө берүүдөн баш тарткан эле.

Өмүрбек Текебаевдин юристи Канатбек Азиз Бишкек шаар сотунун өкүмүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутагына кайрыларын "Азаттыкка" билдирди.

Текебаев жана Чотонов орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган деп айыпталып жатат. Өткөн айда Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан.(KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG