Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Шайлоо-2017: Атамбаев Жээнбеков алдыда бараткан сурамжылоону жарыялады


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев билдирүүсүндө учурдагы мамлекет башчы катары жарандардын эркин тандоосун камсыздоону жана кандайдыр бир кысымдан коргоону өзүнүн милдети деп эсептерин айткан.

Шайлоочулар жалган маалыматтарды таңуулоо аракетинен да корголушу керектигин белгилеген мамлекет башчы президенттик шайлоо алдында коомчулуктун пикири менен ойноо Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга жана улуттук коопсуздукка зыян тийгизүүсү ыктымалдыгын билдирген.

"Тилекке каршы, бир талапкердин эч нерсеге негизделбеген "шайлоонун биринчи айлампасында эле 65,5% ал үчүн добуш берүүгө даярдыгы" жөнүндө маалыматты коомчулукка таңуулоо аракетин мисал кылууга болот" деп белгилеген президент Атамбаев элге чыныгы маалыматты жеткирүү максатында билдирүүсүнө президенттикке талапкерлердин рейтинги жөнүндө социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгын кошо тиркеген.

Тиркелген рейтингде бир катар социологиялык уюмдардын "Кимди президент кылып шайлар элеңиз?" деген сурамжылоосунун март айынан берки жыйынтыктары жарыяланган. Ага ылайык, 30-сентябрдан 2-октябрга чейинки аралыкта "Эл пикир" соцуюмунун жыйынтыгы боюнча 40% көрсөткүч менен Социал-демократтардын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга чыккан. Ал эми Өмүрбек Бабановго добуш берем дегендер 21,8% түзгөн.

Ошол эле уюмдун эки жума мурдагы сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча, Бабанов 38%, ал эми Жээнбеков 32% добушка ээ экенин көрүүгө болот.

"Республика" партиясынын лидери, президентикке талапкер Өмүрбек Бабанов 1-октябрда маалымат жыйын куруп, президенттик шайлоонун алдында өзүнүн рейтинги жогорулаганы, аны шайлоочулардын 65% тандоого даяр экенин, ошондуктан, бийлик аны каралоо аракетине өткөнүн билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG