4-октябрда мамлекет башчы Бишкек шаарынын активи жана коомчулугу менен суроо-жооп форматында жолугушуу өткөрдү. Алмазбек Атамбаев президенттик кылган мезгилде көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн бишкектиктерге ыраазычылык билдирди. Ал эми жолугушууга келген шаардыктар өз кезегинде Бишкекте борборду өнүктүрүү, автожолдордун масштабдуу курулушу жана ремонту, газ менен камсыз кылуу, канализация системасын өнүктүргөнү жана мектеп, ооруканаларга байланыштуу бир катар долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Президент Алмазбек Атамбаев жолугушууда Бишкек жарыгы, газы жок, талкаланган жолдору менен олтурган мезгил артта калгандыгын белгилеп, акыркы жылдарда өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетишкендигин, армиясы бекемделип, транспорттук инфраструктура өнүгүп жаткандыгын айтып кетти.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев буга чейин Чүй облусунун шаар-айылдарын кыдырып, жергиликтүү актив менен бир канча жолугушууларды өткөрүп, милиция жана прокуратура кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырган. Президенттик шайлоонун алдындагы анын байма-бай жолугушууларын айрымдар бийликтин талапкерине колдоо катары кабыл алышкан.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мамлекет башына 2011-жылы келген. Быйыл 1-декабрда президенттик мөөнөтү аяктайт. (ZKo)