Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы штабы райондук милициянын бөлүм башчысынын үстүнөн прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу аталган штабдын жетекчиси Шерзад Умарбеков “Азаттык” радиосуна билдирди:
- Сузактагы колунда бар адамдар кээ бир тургундарга шайлоого тиешеси жок ун тараткан. Сузак милициясынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери ун алган адамдарга барып, коркутуу жолу менен Бабановдун штабынын жетекчиси Умарбеков келип таратып жатат деп жаздырып, кылмыш ишин козгоп, азыр сотто каралып жатат. Биз бул багытта милиция жетекчисинин үстүнөн райондук прокуратурага карата чара көрүп берүү жагын суранып кайрылганбыз.
Сузак милициясы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Ал эми район прокурорунун орун басары Төлөгөн Азизов 6-октябрда милициянын үстүнөн кайрылуу келип түшкөнүн, эми териштирүү иштери башталарын билдирди.(RsK)