Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

Москвадагы "Синдика" курулуш базарындагы өрт өчүрүлдү


"Синдика" базарындагы өрт 8-октябрда тутанган.
"Синдика" базарындагы өрт 8-октябрда тутанган.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Москвадагы "Синдика" курулуш базарындагы өрт өчүрүлдү. Орусиянын чукул кырдаалдар министрлигинин баш калаа боюнча бөлүмү кабарлагандай, тилсиз жоо менен күрөш 16 саатка созулду. Базардагы үч миңдей киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Үч кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп, бирөө ооруканага жаткырылды.

Соода борборундагы өрт жекшемби күндүз башталган. Тилсиз жоо жер алдындагы унаа токтоочу жайдын жанындагы кампаларда тутанганы айтылууда. Бир нече сааттын ичинде өрт базардын аймагына толук жайылып кеткен.

Жекшемби күнү кечинде Ростов-на-Дону шаарында да "Темерник" базарында өрт тутанган. Ал жакта жабыркагандар боюнча маалымат түшкөн жок.

XS
SM
MD
LG