Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы президенттин үстүнөн арызданды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

"Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылы президент Алмазбек Атамбаевге эскертүү берүүсүн талап кылып, Башкы прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Мындай мазмундагы билдирүү 9-октябрда коомчулукка жарыяланды.

Кыймылдын координатору Равшан Жээнбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, БШК менен Башкы прокуратура президентке эскертүү берүүсү керек:

- Президент Алмазбек Атамбаев бир нече жолу бийлик сунуштаган талапкерди колдоого ачыктан-ачык үгүттөп жатат. Эч ким билбеген, кадыр-баркы жок социалдык изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялап, өзү колдогон адамдын утаарын коомго таңуулап, аны бийлик атынан пайдаланып жатканы -президенттик институттун калыс эместигин, президенттик институт мыйзамды бузуп жатканын көрсөтүп турат. Экинчиден, мамлекет башчы экинчи бир талапкер Өмүрбек Бабановду ачык эле коркутуп, опузалап жатат. Бул да калыс, мыйзамдуу президенттин сөзү эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптада талапкер Сооронбай Жээнбеков алдыда бараткан бир катар социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялган.

7-октябрда мамлекеттик сыйлык тапшыруу салтанатында сүйлөгөн сөзүндө президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин өлкөнү уурулардан тазалап кетерин айтып, талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариевди сындаган.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ага катышууга 13 талапкер катталып, экөө башка талапкерлердин пайдасы үчүн жарышка түшүүдөн баш тартышкан. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG