Босния жана Герцеговинанын соту дүйшөмбүдө мурдагы талаа колбашчысы Насер Оричти актаган чечим чыгарды. Ал 1990-жылдардагы согушта жасаган кылмыштары үчүн айыпталып жаткан. Сот ушундай эле кине менен айыпталып жаткан Сабахудин Мухичти да актады. Эки айыпталуучу тең 1992-жылкы Сребреница аймагында болгон кыргынга байланыштуу иштин бардык беренелери боюнча акталышты.
Кыргында курман болгондорун жакындары сот чечимине каршылык билдирип, залдан чыгып кетишти.
Мурдагы Югославия боюнча Гаагадагы эл аралык трибунал 2006-жылы Оричти Босниядагы согуш маалында Сребреницада серб туткундарынын өлүмүн алдын албаганы үчүн эки жылга эркинен ажыраткан. 2008-жылы Улуттар Уюмунун сотунун апелляциялык палатасы соттун чечимин жокко чыгарган.
Бул жолку сот процесси 2016-жылы башталган.
1995-жылдын июлунда Босния сербдери Сребреница шаарында 8 миңдей мусулман эркек менен жаш балдарды кырып салган. 1992-1995-жылдардагы согуштун соңку күндөрүндө жасалган бул кыргын Европа аймагында Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң оор аскерий кылмыш болгон.