Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:24

Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы катталганын Ички иштер министрлиги билдирди. Мекеме кабарлагандай, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"10-октябрда Ош шаардык милициясына президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан башкы штабынан шектүү кутуларды чыгарып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барып, күндүзгү саат 3төр чамасында штабдан Daihatsu үлгүсүндөгү автоунаа чыгып, Амир-Темир кичи районун көздөй багыт алганын көрүшкөн. Машине Садриддин Айни көчөсүнөн токтотулуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Анын багажынан Бабановго добуш берүүгө чакырган конверт салынган алты куту табылган. Ичиндеги эки жаран, айдоочу жана анын жанындагы кишиде 185 миң сом бар болгон. Алар бул каражатт шайлоочуларды сатып алууга багытталганын моюнга алышкан. Чогултулган материалдар сотко жана аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлдү. Териштирүү маалында кармалган автонунаанын айдоочусу Бабановдун шайлоо штабынын өкүлдөрүнө чара көрүү өтүнүчү менен сотко кайрылган" деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо штабы ИИМдин добуш сатып алуу фактысы катталды деген билдирүүсүн четке кагып, милиция кызматкерлери соттун уруксатысыз аңдуу жүргүзүп, мыйзам бузуп жатат деп жарыялады. Оштот менчик автоунаа себепсиз токтотулуп, аны текшерүү мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн, андагы кутулар мыйзамдуу түрдө үгүт иштерине багытталганын, айдоочу менен үгүтчүгө кысым көрсөтүлүп алар жалган көрсөтмө бергенин билдирди. Талапкердин штабы милициянын үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылуу жолдой турган болууда. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG