Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

ЕБ Кыргызстан шайлоо боюнча милдеттемесин аткарат деп күтөт


Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Брюсселден Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин басма сөз катчысы Мая Косьянчич билдирди:

- Евробиримдик Кыргызстандын алдыдагы президенттик шайлоосу өлкөнүн ишеним жараткан жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү боюнча эл аралык милдеттенмелерине шайкеш болот деп күтөт. Биз албетте ага жакындан көз салабыз.

Апта башында Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Кыргызстан менен жаңы саясий келишимди сүйлөшүү мандатын Европа комиссиясына жана уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могериниге берген болчу.

Жаңы макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн, Бишкек менен Евробиримдик ортосундагы саясий алака-катышты аныктаган "Өнөктөштүк жана кызматташтык келишимин" алмаштыруусу керек.

Мая Косьянчичтин айтымында, жаңы саясий макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жакын арада баштаса болот.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Евробиримдик менен саясий макулдашууга үч жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн соң биринчи болуп былтыр Казакстан кол койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG