Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:12

Кыргызстанга 33 памирлик кыргыз көчүрүлүп келди


Памирлик кыргыз балдар
Памирлик кыргыз балдар

Кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Ооганстандагы памирлик кыргыздардын бир бөлүгүн көчүрүп келди. Алардын басымдуу бөлүгүн балдар түзөт, арасында бир кош бойлуу келин бар. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

- Алар азыр Ош облусунан Жалал-Абадга өтүштү. Эртең Нарынга барышат. Буларга атайын программа даярдап жатабыз. Бир-эки күн ден соолугун карайбыз. Жолдон жакшы эле келишти, азыр бардыгы өзүн жакшы эле сезип жатышат.

Чолпон Султанбекова Улуу Памирге кыргыз өкмөтүнүн делегациясын баштап барган. Анын айтымында, 50 ооган кыргызын алып келүү пландалып жаткан. Айрымдарына виза ачылбагандыктан калып калышты.

Кыргыз өкмөтү этникалык кыргыздар менен ишин “Кайрылман” программасынын алкагында жүргүзөт. Көчүрүлүп келинген балдар Нарында билим алышат.

Буга чейин мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын аракеттери ооган кыргыздарын өлкөгө көчүрүп келүүгө эмес, алардын балдарын окутуп, жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталышы керектигин айткан.

Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны 2003-жылы 5 миңдей болсо, азыр 1,5 миңдин тегерегинде гана калды. Медициналык тейлөөнүн жоктугу, туугандар арасында бири-бирине үйлөнгөндөр эне-баланын өлүмүнүн эң жогорку көрсөткүчүн шарттоодо.

Деңиз деңгээлинен 4,5-5 миң метр бийиктиктеги өрөөндө жашаган кыргыздар тууралуу маалымат кеңири коомчулукка негизинен ал жакка барып келгендердин фотокөргөзмөлөрү, документалдуу тасмалары аркылуу белгилүү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG