Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:13

Шайлоого карата мектептердеги окуу үзгүлтүккө учурабайт


Бишкек шаарында мектептер шайлоонун алдында жабылбайт жана толук кандуу иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Наталья Никифорова “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал шайлоо алдында зарылчылык болсо мектептин кошумча эшиктери ачыла турганын белгиледи. Ал эми шайлоонун эртеси иштеп-иштебей турганын мектеп өзү чечет.

Мунун алдында айрым ата-энелер “Азаттыкка” кайрылып, шаардагы №34 мектепте бүгүн сабактар өтүлбөгөнүн, жума, ишемби жана дүйшөмбү иштебей турганын, №61, №70 мектептер жума күнү сабактар кыскартылып өтүлөрү, ишемби жана дүйшөмбү күндөрү окубай турганын айтышкан. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы шайлоо алдында өлкөдөгү бардык мектептер өз режиминде иштей турганын билдирди.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Добушканалардын көбү мектептерде жайгашкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG