Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү премьер-министр Сапар Исаковдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүсү тууралуу билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. Анда өкмөт башчынын Фейсбук социалдык тармагындагы расмий баракчасына жайгаштырылган маалыматта премьер-министр казак президенти менен эки мамлекеттин чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал жөнүндө баарлашканы, бирок эки тараптуу толук сүйлөшүү болбогону жазылганы белгиленген.
"Назарбаев маселени түшүнүп жатканын көрсөтүп, түзүлгөн бардык маселени чечүү тапшырмасын берерин белгиледи. Буга байланыштуу Сочидеги Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чакан чөйрөдөгү жыйынынын соңунда премьер-министр Сапар Исаков казак президентине маселени ыкчам жана оң жагына чечкени үчүн ыраазычылык билдирди. Ага жооп иретинде Назарбаев кыргыз элине жардам берүүгө жана эки тараптуу алаканы өнүктүрүүгө дайым даяр экенин айтты. Премьер-министр Назарбаев менен сүйлөшүүлөргө жана казак тараптын чек арадагы кырдаалды тез арада чечүү зарылдыгын түшүнгөнүнө таянуу менен коомчулукка маалымат берди" - деп жазылган өкмөттүн билдирүүсүндө.
Мындан тышкары өкмөт Казакстан чек арадагы пландуу операцияларын кыска убакытта аяктап, көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши калыбына келтирилет деген ишенимин кошумчалады.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болуп жатат. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүүдө.
Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу.
11-октябрда өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, чек арадагы абалдан Кыргызстандын гана эмес, Казакстандын жана башка үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жапа чегип жатканын айтканын кабарлаган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганын маалымдаган.
Бүгүн Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаевдин маалымат кызматы Сапар Исаковдун кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча Фейсбук баракчасына жазганы тууралуу расмий билдирүү тараткан. Анда казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаковдун ортосунда сүйлөшүү болгон эмес, ал Назарбаевге басып барып кыска убакытка маектешкен деп жарыялаган. (NT)