Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Кыргызстандын улуттук курама командасына кирген спортчулардын жүрүм-турумуна байланыштуу кодекс иштеп чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган агенттиктин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башкы адиси Нурпери Садырбекова билдирди.
Кодекске ылайык, спортчулар Кыргызстандын гимнин билип, өлкөнүн мамлекеттик символдоруна этият жана сый мамиле кылуусу керек. Мамлекет берген спорттук кийимди кылдат колдонуп, аны массалык спорттук иш-чараларда, окутуу, машыгуу жыйындардан башка жерде колдонууга тыюу салынат.
- Эл аралык жана аймактык мелдештерде курама командалардын өкүлдөрүнө, расмий адамдарга сый мамиле кылууга, өзүн этикага ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Курама командага кирген спортчуларга бийликти сындоого, конституциялык түзүлүштү алмаштырууга багытталган митинг жана жыйналыштарга катышууга тыюу салынат.
Мындан сырткары кодексте спортчулардын мелдеш учурунда ыплас сөз сүйлөөсүнө, допингге каршы эрежелерди бузууга тыюу салынары белгиленген.
Буга чейин айрым саясатчылар ар кандай иш-чараларда спортчулардын тобун өз кызыкчылыгына пайдаланып келгенин байкоочулар белгилөөдө.
9-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Сочиге пландалган жумуш сапарынан баш тарткан. Буга шайлоо күнү "айрым саясатчылар кылмыш дүйнөсүн колдонуп, чет мамлекеттердеги саясатчылардын каржылоосу менен калайман башаламандык чыгарууга даярдык көрүп жатканы тууралуу аныкталган фактыларды эске алганы" себеп экени айтылган. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлаган. (КЕ)