Кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" бекети аркылуу адамдардын жана автоунаанын казак тарапка өтүшү өзгөргөн жок. Бул тууралуу бүгүн 13-октябрда ”Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетине барган “Азаттыктын” кабарчысы Заирбек Ажыматов билдирди.
Анын айтымында, жаш балдары барлар кезексиз өткөрүлүп жатат. Учурда 300дүн тегерегинде жарандар Кыргызстан тараптан Казакстанга өтө албай турат. Айдоочулар ар бир 2-2,5 саатта бирден машина өтүп жатканын айтууда.
Бүгүн эртең менен алыска оор жүк ташып иштеген айдоочулар бирикмесинин өкүлү Максатбек Дүйшеев алгач тез бузулчу жашылча-жемиштер өткөрүлүп жатканын билдирген эле.
10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезек күтүшкөн.
Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылган.
Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу. (КЕ)