Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Темир Сариев: Бул жолу кара пиар суудай куюлду


Президенттикке талапкер Темир Сариев.
Президенттикке талапкер Темир Сариев.

Президенттикке талапкер Темир Сариев бул жолку шайлоодо каралоо абдан көп болду деп эсептейт. Бул тууралуу ал добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты жана талапкерлерди токтоолукка жана кечиримдүүлүккө чакырды:

- Үгүт иштери жүрдү. Абдан чоң талаш-тартыш, карама-каршылык болду. Кара пиар суудай куюлду. Талапкерлерге токтоолукту жана кечиримдүүлүктү каалайм. Шайлоонун шайтан оюндары менен мындан ары да өлкөбүздүн ичинде кандайдыр бир чыңалуу болуп кетпеши керек. Шайлоо бүгүн түнү бүтүш керек.

Ошону менен катар Сариев бул жолку шайлоодо бурмалоого эки жагдай шарт түзүшү ыктымал деген пикирин билдирди.

Анын белгилешинче, бюджеттик кызматкерлерди мажбурлап добуш бердирүү жана добуш сатып алуу негизги терс көрүнүштөрдүн бири болууда. Ал эми бюллетендерди топ-тобу менен салуу жана шайлоочуларды ташып алып барып улам бир жерден добуш бердиртүүгө биометрикалык каттоо жол бербейт, дейт Сариев.

Бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо атаандаштык негизде өтүүдө. 11 талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG