Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Дареги алмашып калгандардын арыздары териштирилип жатат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Ал башка жерде шайлоого уруксат алуу үчүн толтурулуучу №2 формага байланыштуу 10 арыз-даттануу каралып, териштирилип жатканын белгиледи.

- Буга чейин телефон аркылуу үч ушундай даттануу келип түшкөн. Андан сырткары Жумгалдан 103 киши өзүнүн маалыматы жок туруп дареги №2 форма аркылуу которулуп калганы тууралуу маалымат айтылган. Алардын ону атайын арыз жазып, учурда териштирилип жатат. Алардын бардыгы бир типте, компьютерден жазылган. Бул маалыматтын өзү күмөн жаратып жатат. Кандай болгон шартта дагы жоопкерчилиги каралат.

Буга чейин Өзгөн жана Кара-Суу райондорунун тургундары журналисттерге кайрылып, алардын шайлоо даректери Ош шаарындагы участоктордо чыгып калганын билдиришкен. Мындай көрүнүшкө 200дөн ашык адам кабылганын айтып, ордуна башка бирөөлөр арызды толтуруп койгонун белгилеп жатышат.

Ушундай негизде арыздар түшүп жатканын буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев да ырастаган болчу.

№2 форма паспорттогу каттоодон башка жерде шайлоого уруксат алуу үчүн толтурулуучу арыз. Каттоо кызматы мындай арыз менен 314 миң жаран шайлоого катышарын маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG