Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Сегиз өлкөдө добушканалар жабылды


Бишкек убактысы боюнча саат 22:00гө карата Орусиянын Екатеринбург шаарындагы, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Бириккен Араб Эмирлигинде шайлоо участоктору жабылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ушу тапта Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Беларус, Түркиянын Анкара, Стамбул шаарларында, Иран, Сауд Арабия, Катар, Кувейт, Украина, Швейцария, Бельгия, Австрия, Германиянын Берлин, Бонн, Франкфурт калааларында, Британия жана АКШнын Вашингтон шаарларында добушканалар иштеп жатат.

Чет мамлекеттерде консулдук каттоодон өткөн, биометрикалык маалымат тапшырып, шайлоочулардын акыркы тизмесине кирген жарандар добуш беришүүдө.

Мекеме кошумчалагандай, 20:00гө карата чет мамлекеттерде 18 580 жарандын 4829у добуш берди. Бул көрсөткүч чет жактагы шайлоочулар тизмесине илинген кыргызстандыктардын 25 пайыздан ашуунун түзөт. (NT)

XS
SM
MD
LG