Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Калиев: ТЭЦтин кампасында көмүр жетиштүү


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев билдирди. Ал Казакстандын көмүрдү экспортоого чектөө киргизүү сунушу кооптонууга негиз бербей турганын айтты. Анын айтымында, ушул күндөрү Бишкек жылуулук борборунун кампасында 109 миң тоннага жакын көмүр бар. Бул бир айдан ашуун убакка жетет.

- Бул жылда эле болуп келген көрүнүш. Күз-кыш учурунда ар бир мамлекет өзүнүн ички муктаждыгын чечип алганга чейин ушундай чектөө киргизет. Бул бир жума, кээде жарым айга чейин созулат. Мында кооптоно турган нерсе жок.

Буга чейин Казактандын Экономика министрлиги жылуулук берүү сезону учурунда көмүр экспортун чектеп туруу сунушун киргизген. “Электр станциялары” ишканасы мындай сунуштан кабарсыз экенин, бирок кампада көмүр жетиштүү экенин “Азаттык” радиосуна билдирген.

Өнөр жай, энергетика жана казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов буга чейин Бишкек ТЭЦи кышкы сезонго 550 миң тонна жергиликтүү, 450 миң Казакстандан көмүр сатып аларын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG