Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Киевде оппозициянын ири акциясы өтүүдө


Өкмөттүк кеңселер жайгашкан кварталды жана Жогорку Раданын имаратын тартип коргоочулар кайтарып турушат.
Өкмөттүк кеңселер жайгашкан кварталды жана Жогорку Раданын имаратын тартип коргоочулар кайтарып турушат.

Киевде Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили жана бир катар оппозициялык партиялар уюштурган акцияга миңдеген киши катышууда. Демонстранттар антикоррупциялык сот түзүүнү, депутаттык кол тийбестикти алып салууну, шайлоо мыйзамдарын кайра карап чыгууну талап кылып жатышат. Акцияга катышкан парламент депутаттары козголгон маселелерди бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизишерин билдиришти. Өкмөттүк кеңселер жайгашкан кварталды жана Жогорку Раданын имаратын тартип коргоочулар кайтарып турушат.

16-октябрда Украинанын коопсуздук мекемеси акция учурунда "куралдуу чагымдар" болушу мүмкүн деп эскертүү менен Революциялык оңчул күчтөр деген топтун мурдагы эки мүчөсү курал-жарак, ракета атуучу жабдууларды сатып алуу аракетин көрүшкөнүн билдирген.

Грузиянын экс-президенти Саакашвили эки өлкөнүн тең жарандыгынан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG