Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жалгыз аял талапкер Токтайым Үмөталиева Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге чек ара маселеси боюнча кайрылды. Ал 10-октябрдан бери түшүнүксүз себептер менен кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер жабылып, андан өтүү тартиби катаалдаганына кабатырлануусун билдирген. Кайрылуусунда Борбор Азия аймагында улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо сыяктуу эзелтен жазылбаган мыйзамдар, аксакалдар институту болгонун белгилеп, маселени элдик дипломатия менен чечүүнү сунуштаган.
Ошондой эле Токтайым Үмөталиева кайрылуусунда казак президентин эл аралык деңгээлдеги акылман жетекчи, Азия өлкөлөрүнүн жарык лидери катары аймактагы тынчтык жана коопсуздук маселесине кошкон салымын белгилеген.
"Кандай гана талаш болбосун, өзүнүн эмгеги жана коңшуларынын коопсуздугу маанилүү болгон акылман жеңип чыгат" деп бекемдеген Үмөталиева.
10-октябрдан тарта Казакстан Кыргызстан менен чек арасынан өтүү тартибин катаалдаштырып, кошумча көзөмөл киргизген. Муну казак тарап Кыргызстандагы президенттик шайлоолорго карата коопсуздук чаралары деп түшүндүргөн. Коомчулукта бул казак жетекчилигинин "Кыргызстандын президенти Атамбаевдин сынына жооп катары саясий чечими" катары кабыл алгандар да болду. 8-октябрда президент Атамбаев казак бийлигин сындаган эле. (ZKo)