Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Сорос байлыгынын бир бөлүгүн "Ачык коомго" өткөрүп берди


Жорж Сорос
Жорж Сорос

Америкалык белгилүү филантроп, дүйнөдөгү бай адамдардын бири, теги мажарстандык Жорж Сорос (мажарча "Шорош") 18 миллиард доллар каражатты өзү негиздеген "Ачык коом" кайрымдуулук фондуна өткөрүп берди.

The Wall Street Journal басылмасы жазгандай, муну менен Соростун байлыгынын көпчүлүк бөлүгүнө ээ болгон фонд капиталынын өлчөмү жагынан АКШда экинчи орундагы ири уюмга айланды. Биринчи орунда Билл жана Мелинда Гейтстин 40 млрд долларлык бюджети бар кайрымдуулук фонду турат.

Соростун "Ачык коом" фонду качкындарга, саламаттык сактоо тармагына көмөктөшөт, укук коргоочу уюмдарды жана экономикалык реформаларды колдоого алат. Соростун фонду дүйнөдөгү ондогон өлкөлөрдө иштейт, кайрымдуулук иштерине жыл сайын миллирад доллар чамасында каражат коротулат.

"Ачык коом" фонду азырынча ишмердүүлүгүн кеңейтүү планы жок экенин маалымдады. Фонддун капиталын мурдагыдай эле Жорс Соростун каржы компаниясы башкарат.

Сорос фондунун чет өлкөдөгү алгачкы бөлүмү 1984-жылы, филантроптун туулган жеринде, Венгрияда ачылган. Бирок соңку жылдары Соростун расмий Будапешт менен мамилеси кескин татаалдашкан.

Бул уюм Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштейт. Коомдук ишмер, мурдагы билим берүү министри Чынара Жакыпова "Кыргызстан Сорос" корунун алгачкы жетекчиси болгон. Бул кор түрдүү багыттагы жарандык демилгелерди каржылоо үчүн 79 миллион доллардан ашуун каражат жумшаган.

XS
SM
MD
LG