Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:09

Кытайда Компартиянын курултайы башталды


Си Цзинпин Компартия курултайынын  ачылышында сүйлөөдө. 18-октябрь, 2017-жыл.
Си Цзинпин Компартия курултайынын ачылышында сүйлөөдө. 18-октябрь, 2017-жыл.

Ар бир беш жылда бир өтүүчү жана 24-октябрга чейин созулуучу курултайга 2000ден ашуун делегат катышууда.

Кытай компартиясынын курултайы быйыл 19-ирет өтүп жатат.

Анда Компартиянын эң жогорку жана чечим кабыл алуучу органы – Саясий бюронун Туруктуу комитетинин жаңы мүчөлөрү тандалат.

Президент Си Цзинпин бүгүн курултайдын ачылышында сүйлөгөн учурунда Кытай “жаңы доор” үчүн  “заманбап социалисттик мамлекетке” айланарын убада кылды.(UE)

 

XS
SM
MD
LG