Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 06:00

БШК кол санактын жыйынтыгын чыгарды


Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендер боюнча кол санактын алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан социал-демократтар партиясы сунуштаган талапкер Сооронбай Жээнбековду добуш бергендердин 54,74 пайызы колдогон. “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду колдоп добуш бергендердин саны 33,7% түзгөн. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун алган добушу 6,55%, “Ак шумкар” партиясынын талапкери Темир Сариевдики 2,57% деп эсептелди. Калган талапкерлердин алган добушу 1% жеткен эмес.

БШКнын маалыматына караганда, добуштарды саноо өлкө аймагындагы жана чет өлкөдөгү добушканалардын бардыгында жүрдү.

15-октябрдагы шайлоого 1 млн 692 миң 423 шайлоочу катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 55,93 пайызын түздү. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (26)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG