Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Ак-Суу районунун тургуну баңгизат менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну бир килограммдан ашык марихуана менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтымында, «Мак-2017» операциясынын жүрүшүндө милицияга түшкөн маалыматтын негизинде Отрадное айылынын 31 жаштагы тургуну текшерилген. Андан эки желим идиштен жапайы өсүмдүк табылган. Химиялык экспертиза салмагы 1 килограмм 350 граммды түзгөн өсүмдүктүн марихуана экендигин аныктаган.

Факт боюнча Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) кылмыш иш козгоду.

Кармалган адам мурда 367-берене (аскердик мүлктү атайын жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча соттолгону белгилүү болду. Учурда тергөө жүрүп жатат.  (AsM)

 

XS
SM
MD
LG