Кыргызстанга көчүп келген ооган памирлик кыргыздардан бири Жанбүбү Маматзайым кызы Бишкекте 21-октябрь күнү таңга маал аман-эсен көз жарып, уул төрөдү. Анын толгоосу оор болгондуктан, 20-октябрда санавиация менен Нарындан Бишкекке алып келинген.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди:
- 38 жаштагы Жанбүбү буга чейин он жолу төрөп, жети наристеси чарчап калган. Азыр үч баласы - эки уул, бир кызы бар. Ымыркай айына жетпей төрөлгөндүктөн, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын салмагы 2 400.
Бүгүн эне жана баланын абалынан вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова кабар алды.
Кичи жана Улуу Памирден 33 кыргыз 11-октябрда Кыргызстанга көчүрүлүп келип, Нарын облусуна жайгаштырылган. (BCh)