Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Сириянын демократиялык күчтөрү Дейр-эз-Зордогу мунай кенин алышты 


Сирия армиясынын жоокерлери "Дейр-эз-Зорго куш келиңиздер!" деген жазуунун жанында. 3-сентябрда, 2017-жыл.
Сирия армиясынын жоокерлери "Дейр-эз-Зорго куш келиңиздер!" деген жазуунун жанында. 3-сентябрда, 2017-жыл.

АКШ колдоосунда Сириянын демократиялык күчтөрү Дейр-эз-Зордогу Аль-Омар мунай кенин өздөрүнө каратып алды.
Аталган мунай кенди буга чейин өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ көзөмөлдөгөн.

Associated Press агенттигинин маалыматына караганда, ал Сирия аймагындагы эн чоң кендердин бири.Аль-Омар кени алынганын АКШ башында турган эл аралык коалициянын командачылыгы кабарлады.

Аль-Омардагы өндүрүштү согушкерлер 2014-жылы басып алган. Негизинен Дейр-эз-Зордогу кендер "Ислам мамлекети" террордук тобунун киреше тапкан башкы булагы болуп саналат.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор өкмөттүк күчтөр чегингенин жана Аль-Омар районунан үч чакырымдай алыстыкта экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG