Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Италиянын эки аймагы автономия кеңейтилишин жактады


Референдум үчүн даярдалган жарнамалардын бири.
Референдум үчүн даярдалган жарнамалардын бири.

Жыйынтыгы мыйзамдык күчкө ээ эмес референдумдар Италия түндүгүнүн экономикалык жактан кубаттуу Ломбардия жана Венето аймактарында 22-октябрда өткөрүлдү. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыктары бул аймактардын жашоочулары борбордук өкмөттөн көбүрөөк автономияны жактаганын көргөзүүдө.

Башкача айтканда алар казынанын кирешеси көбөйтүлүүсүн, иммиграция, коопсуздук, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо маселелери менен өздөрү көбүрөөк алектенүүнү көздөшөт.

Италия экономикасынын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн бул эки аймакты тең жикчил нуктагы Lega Nord партиясы башкарат.

Референдумдан соң бул эки аймактын тең лидерлери премьер-министр Паоло Жентилони менен жолукканга чейин аймактык парламенттерде болочок стратегиясын талкуулай турганын билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG