Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:03

Астанада кыргыз-казак чек ара сүйлөшүүлөрү уланууда


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Астанада кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр уланууда. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр азырынча жыйынтыктала элек.

10-октябрдан бери чек арадан казак тарапка өтүү кыйын болуп жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, ушу тапта “Ак-Тилек” жана “Ак-Жол” өткөрмө бекеттеринде жалпысынан 500дөй автоунаа, 300гө жакын адам кезекте турат.

19-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Астанада казак өкмөтүнүн жетекчилиги менен жолугуп, чек арадан өтүү тартиби боюнча протокол кабыл алынган жана беш күн ичинде абалдан чыгуунун “жол картасы” иштелип чыгары кабарланган.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган.

Астанадагы сүйлөшүүлөрдө кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жетектөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG