Украина башкы прокурору Юрий Луценко парламенттин алдында бир нече күндөн бери митинг өткөрүп жаткандарды мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга ниеттенүүдө деп айыптады.
"Тынч протест өткөрүү укугу четтен каржы алып, авантюристтердин чакан тобуна таянуу менен төңкөрүшкө даярдык көрүү дегенди билдирбейт", - деди ал 24-октябрда Киевдеги аймактык өнүктүрүү кеңешинин жыйынында.
Бул пикирин кийинчерээк журналисттерге маегинде да баса белгилеп, Михаил Саакашвилини "Украинадагы бийликти басып алуу максатында кызыл чектен өтүп кетти" деп сындады. Прокурор төңкөрүштү көздөгөндөр "курал сатып алып жатышканын", буга байланыштуу бир нече киши кармалганын кошумчалады. Мындан тышкары Луценко каршылык акциясына чыккандар үчүн "Жаңы күчтөр рухунун" лидеринин өнөктөштөрү "Европадан учак менен" акчаларды ташып келип жатканы тергөөгө белгилүү дейт.
"Жаңы күчтөр руху" партиясын Грузиянын экс-президенти, Одессанын экс-губернатору Михаил Саакашвили жетектейт. Ал башында турган митингчилер 17-октябрдан бери саясий реформаларды талап кылып Жогорку Рада имаратынын алдынан кетпей турушат. 200 чамалуу адам чатырларды тигип ал жерде түнөп калышууда.