Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Бишкектин билдирүүсү 23-октябрда келген.
Анда казак тарап Кыргызстандын ЕАЭБ алкагында милдеттенмелерин так аткарышы үчүн техникалык колдоо көрсөтүүгө умтулуп келген, каржылык жардамдын алгачкы траншы ушул жылдын ноябрь айында жөнөтүлмөк деп маалымдалган. Ошондой эле каражаттын кеч бөлүнүшүнө Кыргызстандын керектүү документтерди жана тиешелүү сметаны берүүнү создуктуруп жибергенин себеп катары көрсөткөн.
23-октябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети Казакстандын 100 миллион доллар каржылык жардамынан баш тартып, мурда бекитилген макулдашууну жокко чыгаруу боюнча өкмөттүн сунушун колдогон. Кыргыз өкмөтү мындай кадамды аталган каражатка муктаждык болбогону менен түшүндүрүүдө.
Казакстан 2015-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганына байланыштуу техникалык регламенттерди жүзөгө ашырууга жардам иретинде 100 миллион доллар берүүгө макул болгон.
Кыргыз тарап бул каражатка чек арадагы өткөрмө бекеттерди оңдоодон өткөрүп, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды курууну көздөгөн эле. Бирок кайтарымсыз жардам кечиккени үчүн өкмөт бюджеттеги каражатка лабораторияларды бүткөргөнүн билдирген. (NT)