Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

ЖК төрагалыгына Дастан Жумабековдун гана талапкерлиги көрсөтүлдү


Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

Депутат Дастан Жумабеков спикерликке талапкер болуп көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн парламенттик көпчүлүктүн жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмаз Баатырбеков билдирди.

Ал көпчүлүктөгү бардык фракциялар талапкер көрсөтсө болорун кошумчалады.

Бирок башка фракциялардан талапкерликке сунуштар түшкөн жок.

Өз кезегинде коалициялык көпчүлүк Жумабековдун талапкерлигин дароо колдоого алып, ага суроо-жоопту парламенттин жыйынында жалпы депутаттар менен бирге бермей болушту.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Чыныбай Турсунбеков cпикерликтен кетип жатканын жарыялап, ошол эле учурда саясаттан кетпей тургандыгын билдирген.

Көпчүлүк коалициянын жыйынына Турсунбеков өзү катышкан жок. (SDz)

XS
SM
MD
LG