Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Икрамов: фракция лидерин алмаштырып салышат деп тизмеден чыгарышты


Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

Парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов 25-октябрдагы жыйында өзүн жана дагы эки депутатты катардан чыгаруу чечими туура эмес болгонун "Азаттык" радиосуна билдирди. Икрамов кесиптештери фракция лидерин алмаштырып салышат деп чочулашып, ушундай кадамга барды деген оюн айтты:

- Чукул жыйын кылыптыр. Ага биз катышкан жокпуз. Төрт депутат катышкан жок. Буга чейин жети депутат болуп жыйын өткөргөнбүз. Булар фракция лидерин алмаштырып коюшат деп кооптонуп атышат. Ошол себептүү бизди шашылыш фракциядан чыгарды. Негизи булар буга чейин жумуш алып барганда чечимдерди фракция менен кеңешкен эмес. Кыргыздарда кеңешип кескен бармак оорубайт деп бекер айтпайт. Мындан мурда фракция лидери болуп, кеңешпей кылган иштери чыгып атат. Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн. Биз азырынча лидерди алмаштыруу тууралуу сөз кыла элекпиз. Бирок интернетте ошондой кабар чыгып кетти. Ошондон улам сактануу, коркуу сезими менен чукул түрдө ушундай жыйынтыкка келишти. Биз жети депутат катышкан жыйында лидерди алмаштыруу эмес, башка маселе талкуулаганбыз. Ал деле жакында ачыкка чыгат. Жети депутат кол коюп, жакшы бир колдоо болгон. Ушул нерсеге да каршы болушту, - деди Тазабек Икрамов.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы 25-октябрдагы жыйынында үч депутатты - Камчыбек Жолдошбаев, Тазабек Икрамов жана Алмаз Жутановду өзүнүн катарынан чыгарганын эл өкүлү Тынчтыкбек Шайназаров "Азаттык" радиосуна кабарлаган. Ал аты аталган депутаттар фракциянын саясатын колдобой, интрига жүргүзүп жатат деген жүйө келтирген.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясында он үч мандат бар. Аны партия лидери Бакыт Төрөбаев жетектейт. (NT)

XS
SM
MD
LG