Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Киевдеги жардыруудан киши өмүрү кыйылды 


Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчук. (Архив).
Жогорку Раданын депутаты Игорь Мосийчук. (Архив).

Украинанын борбору Киев шаарында "Эспрессо" телеканалынын жанында 25-октябрда жардыруу болуп, андан бир кишинин өмүрү кыйылды.

Полициянын маалыматына караганда, жардыруудан төрт адам жаракат алган, алардын бири ооруканага жетпей каза тапкан.

Жаракат алгандардын арасында Жогорку Раданын Радикал партиясынын депутаты Игорь Мосийчук менен саясат таануучу Виталий Бала бар. Украина бийлиги муну теракт деп атап, кылмыш иш козгоду.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлагандай, жарылуу Мосийчук аталган каналдан чыгып келаткан маалда ишке ашырылган. Имараттан анча алыс эмес жерде токтоп турган мотоцикл же анын жанына коюлган зат жардырылган деп айтылууда.

Буга чейин Радикал партиясынын лидери Олег Ляшко катуу жардыруудан Мосийчук оор жараат алып, ооруканада экенин, анын өмүрүнө коркунуч жоктугун "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Кийинчерээк Ляшко Мосийчуктун 30 жаштагы жан сакчысы алган жараатынан бейтапканада каза тапканын маалымдады.

Мосийчуктун басма сөз катчысы Анна Сениктин билдиришинче, депутат телеканалда эфирге катышып, жан сакчысы менен чыгып баратканда жардыруу болгон.

Мосийчук 2014-жылы Радикал партиядан депутат болуп шайланган. Ага чейин "Азов" батальонунун курамында Донбасстагы согуштук аракеттерге катышкан. 2015-жылы коррупцияга айыпталып, депутаттык кол тийбестиктен ажыратылып, камалган, бирок кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG