Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

АКШда Азия фильмдеринин фестивалы өтүүдө


АКШнын Лос-Анджелес шаарында 25-октябрда продюсер жана кинорежиссер Садык Шер-Нияз негиздеген Азия фильмдеринин бүткүл дүйнөлүк фестивалы башталды. Иш-чара 2-ноябрга чейин уланат.

Англисче Аsian World Film Festival (AWFF) деп аталган фестиваль Азия өлкөлөрүндөгү мыкты фильмдерди эл аралык аренага алып чыгуу, Азия жана Голливуд кино өндүрүшүнүн өкүлдөрүнүн кызматташуусун арттыруу максатын көздөйт. Фестивалда Түркиядан Жапонияга чейинки, Орусиядан Индияга чейинки 50 өлкөнүн фильмдери көрсөтүлөт.

Кинофестивалдын калыстар тобунун курамында белгилүү кино ишмерлери, Оскар сыйлыгынын ээлери Дэвид Сайдлер, Бобби Мореско, Владимир Меньшов, Жан-Марк Валле, ошондой эле Люси Лью, Стивен Сигал, Филипп Мартинез жана башкалар бар.

2015-жылдан бери жыл сайын өтүп жаткан фестивалдын статуэткасы илбирс, анын автору кыргызстандык скульптор Нурлан Кебек уулу.

Лос-Анджелестеги кинофестивалдын алкагында Кыргыз кино күндөрү да өтөт. Анда кыргызстандык кинорежиссерлор Актан Арым Кубаттын “Кентавр”, Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай”, Таалайбек Кулмендеевдин “Мунабия” жана башка фильмдери коюлат.

XS
SM
MD
LG